2025 - жылдын 26-мартында ОшМУнун ОСМКБ тарабынан окуу-методикалык кеңешинин (ОМК) кезектеги 7-отуруму болуп өттү. Анда төмөндөгүдөй маселелер каралды.
1. ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин ОМК төрайымы А.Базиеванын 2024-2025-окуу жылына карата жүргүзгөн иштеринин абалы (А. Базиева) 15 мүнөт.
2. “Ош мамлекеттик университетинде билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу жөнүндө” жобо менен тааныштыруу (М. Розыкова) (5 мүнөт)
3. Конкурстардын 2-турунун жыйынтыгы тууралуу (ОМК төрага-төрайымдар) 2 мүнөттөн.
4. Түзүмдөрдөгү видео камералар боюнча билдирүү (ОМК төрага-төрайымдар) 2 мүнөттөн.
Ар түрдүү маселелер.
Отурумду бөлүмдун башкы адиси, ф.и.к. М.Б.Розыкова алып барып, жогоруда каралган маселелер талкууланып, аткарыла турчу иш-чаралар белгиленди.