Жанылыктар

Туркиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчисине АГИнин «Ардак грамотасы» тапшырылды

2015-жылдын 24-декабрында Арашан гуманитардык институтунун конференция залында Туркиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генчтин кызмат мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу сыйлоо аземи болуп өттү. Аземге Орхан ГЕНЧ мырза, коноктор, институттун жетекчилери, профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. АГИнин директорунун орун басары Р. Шамилов, Октай Четин, дин таануу факультетинин деканы С. Базаркулов, окуу иштери боюнча декандын орун басары А.Эрматов, дин таануу кафедрасынын башчысы К.Айдарбековдор, Орхан мырзанын Туркия менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык, достук, боордоштук мамилелердин бекемделүүсүнө жана Арашан гуманитардык институтуна кошкон жигээрдүү салымдарын айтышып ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле институттун жетекчилиги Орхан мырзага каалоо-тилектерин билдирип, Институттун билим берүү жараянына кошкон салымы үчүн «ардак грамота» менен сыйлап, чепкен кийгизди. Студенттердин атынан Студенттик кеңештин төрагасы И. Кылычбек уулу сүйлөсө, бүтүрүүчү 4-курстардын атынан М. Эшбеков жана 5-курстардын атынан Д. Данияр уулу каалоолорун айтышты. Орхан мырзанын мындан аркы иштерине ийгилик жана бактылуу жашоо каалайбыз.
5995 22:18 06-01-2016

                 

Жанылыктар

|< 5 6 7 8 9 >|