Жанылыктар

02.04.2025. CBL жана TBL ыкмаларын колдонуу менен патология боюнча практикалык сабактар.

Патология сабактарында улук окутуучу Пирматова Алина CBL (клиникалык учурларды изилдөө) жана TBL (командалык окутуу) ыкмаларын айкалыштырып, аралаш методду колдонот. Студенттер алгач теориялык негиздерди үйрөнүп, андан соң билимдерин практикада колдонуп, чыныгы клиникалык учурларды командаларда талдап чыгышат. Бул алардын клиникалык ой жүгүртүү жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет. Мындай формат окуу процессин интерактивдүү, практика багытындагы кылып, студенттердин мотивациясын жогорулатат. Натыйжада студенттер жөн гана материалды жаттап алуу менен чектелбестен, дарыгерлер сыяктуу ойлонууга жана негиздүү диагностикалык чечимдерди кабыл алууга үйрөнүшөт.
284 03:58 04-04-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|