КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ!
Ош мамлекеттик университетинин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо
бөлүмү тарабынан 2025-жылдын апрель айынын башынан тарта төмөнкү
номинациялар боюнча конкурстар жарыяланат:
"ОшМУнун заманбап лектору"
"ОшМУнун заманбап окутуучусу"
"Педагогикалык дебют"
"ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери"
Конкурстун максаты — окутуучулардын кесиптик компетенциясын өркүндөтүү,
инновациялык окутуу ыкмаларын жайылтуу жана мыкты педагогикалык
тажрыйбаларды бөлүшүү.
Конкурстун шарттары жана талаптары:
Конкурска катышууну каалаган окутуучулар институт, факультет жана
колледждердин деңгээлинде арыз тапшыруусу керек. Конкурстун шарттары,
талаптары жана эрежелери боюнча кеңири маалымат Окутуунун сапаты жана
методикалык камсыздоо бөлүмүнөн берилет.
Арыздар кабыл алуу:
2025-жылдын апрель айынын башынан тарта
Жеңүүчүлөрдү аныктоо:
Түзүлгөн комиссия ар бир катышуучунун компетенцияларын баалап, жеңүүчүлөрдү
тандоону ишке ашырат.
Кадырлуу окутуучулар!
Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан, өз педагогикалык чеберчилигиңизди
көрсөтүп, кесиптик өнүгүүңүзгө жаңы мүмкүнчүлүк жаратасыз!
Конкурска кош келиңиздер!











