Объявления

КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ! Ош мамлекеттик университетинин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан 2025-жылдын апрель айынын башынан тарта төмөнкү номинациялар боюнча конкурстар жарыяланат

КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ! Ош мамлекеттик университетинин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан 2025-жылдын апрель айынын башынан тарта төмөнкү номинациялар боюнча конкурстар жарыяланат: "ОшМУнун заманбап лектору" "ОшМУнун заманбап окутуучусу" "Педагогикалык дебют" "ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери" Конкурстун максаты — окутуучулардын кесиптик компетенциясын өркүндөтүү, инновациялык окутуу ыкмаларын жайылтуу жана мыкты педагогикалык тажрыйбаларды бөлүшүү. Конкурстун шарттары жана талаптары: Конкурска катышууну каалаган окутуучулар институт, факультет жана колледждердин деңгээлинде арыз тапшыруусу керек. Конкурстун шарттары, талаптары жана эрежелери боюнча кеңири маалымат Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнөн берилет. Арыздар кабыл алуу: 2025-жылдын апрель айынын башынан тарта Жеңүүчүлөрдү аныктоо: Түзүлгөн комиссия ар бир катышуучунун компетенцияларын баалап, жеңүүчүлөрдү тандоону ишке ашырат. Кадырлуу окутуучулар! Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан, өз педагогикалык чеберчилигиңизди көрсөтүп, кесиптик өнүгүүңүзгө жаңы мүмкүнчүлүк жаратасыз! Конкурска кош келиңиздер!

460 05:07 01-04-2025

                 

Объявления

|< 1 >|