News

520200 Биология PhD докторанттары илим жумалыгында.....

2025-жылдын 16-апрелинде зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын илим жумалыгында Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун 520200 Биология багыты боюнча PhD докторантурасынын докторанттары - Кубаныч уулу Жумабек “Хитин жана хитозанды дары каражаттарын эффективдүү алып жүрүүчү катары медицинада колдонуу” темасында, Матибали уулу Шерали “Курбу-Таш өзөнүнүн жер көчкү жүргөн аянтында флора жана фаунанын калыптанышы” темасында жана Маткеримова Фатима Калдарбековна “Кемпир-Абад бассейниндеги дарыялардын төмөнкү агымындагы балыктардын фаунасы жана биоэкологиялык өзгөчөлүктөрү” темасында илимий иштери боюнча илимий докладдарды жасашты. Бул илимий докладдар 2024-2025-окуу жылы үчүн түзүлгөӊ окуу графигине ылайык илимий семинардын алкагында уюштурулду.

44 11:59 16-04-2025

                 

News

|< 1 >|