ОшМУнун кесиптик бирлигинин проф бюролоруна, кесиптик бирлик- билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун кепили жөнүндө окуу семинары өткөрүлдү. 28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү катары жарыяланган. Ал эмгекчилердин коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулган күн катары белгиленет. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүн кеңири белгилөөнү, эмгекчилердин ден-соолугун коргоого, коопсуз иш шарттарын камсыз кылуу иштери каралган. Андан сырткары жалпы кызматкерлердин эмгектик укуктарын коргоо боюнча кеңири маалымат берилип, (слайд-шоу) чоң эрканда көрсөтүлдү. Семинардын жыйынтыгында Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) боюнча талкууланып суроо-жооптор болду. Ар бир катышуучу өз ойлору менен бөлүшүп кеңири маалыматка ээ болушту.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ирерхиясы.
1. Кыргыз Республикасынын конституциясы – баш мыйзам.
12.03.201-жылы №31 токтом менен бекитилген.
Ал: 116-беренеден жана 5 бөлүмдөн турат.
2. Кодекстер: (ЭК, НК, КЖК, ЖК)
Министрлер Кабинетинин токтомдору (Билим берүү мыйзамы 11.08.2023 №179,
профсоюздар жөнүндө мыйзам, зыяндуулук боюнча мыйзам ж.б.
3. Билим берүү министрлигинин буйруктары
4. ОшМУнун уставы, жамааттык келишим, окумуштуулар кеңешинин чечимдери, буйруктар,
жоболор ж.б.
5. Институт, факультеттердин токтомдору
6. Кыргызстан профсоюздар федерациясы.
7.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук
комитети.
8. ОшМУнун бириккен кесиптик бирлиги.
9. Институт, факультеттердин проф бюролору.










