XII аймактык университеттер аралык студенттик олимпиадада ОшМУ ийгилик жаратты.
07:57
22-04-2025
17
2025-жылдын 19-апрелинде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде аймактык студенттер аралык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага жалпысынан 7 (Ош мамлекеттик университети, М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, А.Ж.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, Инновациялык технологиялар жана энергетика институту) окуу жай катышып, 36 предметтен ат салышты.
ОшМУнун студенттери 16 предметтен 1-орунду багындырышты. Ал эми 19 предметтен 2-3-орундарды ээлешти.