“Кыргыз Республикасынын аймактарында аялдарга карата зордук-зомбулук жана балдардын өз жанын кыюу фактылары: статистикалык маалыматтар жана кылмыштуулуктун себептери”
09:05
24-04-2025
32
Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасы
2025-жылдын 24-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунда кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасы тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасынын аймактарында аялдарга карата зордук-зомбулук жана балдардын өз жанын кыюу фактылары: статистикалык маалыматтар жана кылмыштуулуктун себептери” аттуу илимий тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын башчысы, ю.и.д., профессор Токторов Эгемберди Самидинович, институттун директордун м.а. Патиев Нуркан Маматович, жана ОшМУнун илим жана инновация иштери боюнча проректору, ф.-м.и.к., доцент Эшаров Элзарбек Асанович сөз сүйлөштү.
Тегерек столго Ош облусунун прокуратурасынын кылмыш жаза иштери боюнча соттук бөлүмүнүн бөлүм башчысы, юстициянын подполковниги Ботояров Марат Асанбекович, Ош шаардык аймактык адвокатурасына караштуу "Өзгөн" адвокаттар коллегиясынын төрагасы Жоробаев Улан Жоробаевич жана башка адистер катышып, актуалдуу маселелер боюнча талкуу жүргүзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө баяндамалар окулуп, суроолор, жарыш сөздөр айтылып, маселени терең талдоо жүргүзүлдү. Тегерек стол кыргыз коомундагы актуалдуу маселелерди илимий негизде талкуулоо жана чечүү жолдорун табууга багытталган маанилүү аянтча болду.