ОшМУнун журналистика кафедрасынын окутуучулары англис тили курсун ийгиликтүү аякташты
09:26
25-04-2025
17
2025-жылдын 24-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасынын окутуучулары “Инновациялык билим берүү фонду” тарабынан уюштурулган англис тилинин башталгыч деңгээлиндеги курсту ийгиликтүү аяктап, атайын сертификаттарга ээ болушту.
90 сааттык бул окуу курсу жаш адистердин тил билимин өркүндөтүү, заманбап билим берүү талабына ылайык компетенцияларды өнүктүрүү максатын көздөгөн. Курстун жүрүшүндө окутуучулар англис тилинин негиздерин өздөштүрүп, практикалык көндүмдөрдү калыптандырышты.
Журналистика кафедрасынын эмгек жамааты үчүн бул жетишкендик – кесиптик өнүгүүнүн маанилүү кадамы болуп саналат. Мындай демилгелер билим берүү системасындагы жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, окутуучулардын потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.