ОшМУда эмгектенген окутуучулар арасында "ОшМУнун заманбап лектору", "ОшМУнун заманбап окутуучусу", "Педагогикалык дебют" жана "ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери" номинациялары боюнча мыктылар тандалууда.
04:42
29-04-2025
15
Сынак окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулууда. Максаты — окутуучулардын кесиптик компетенциясын өркүндөтүү, инновациялык окутуу ыкмаларын жайылтуу жана мыкты педагогикалык тажрыйбаларды бөлүшүү.
Конкурстка талапкер окутуучулардын сабактарына эксперттик топтор катышууда. Конкурсттук сабактар аяктаган соң, конкурстун жобосунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык, эксперттик комиссия жеңүүчүлөрдү аныктайт.