News

ОшМУнун студенти "Мен репортер" Республикалык сынагында 1-орунга ээ болду

Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университеттин базасында “Мен репортер” аталышындагы республикалык деңгээлдеги чыгармачыл сынак болуп өттү. Иш-чарага өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын журналистика адистигинде окуган жана жалпы эле бул тармакка кызыккан студенттер катышты. Сынактын башкы максаты — жаш журналисттердин чыгармачылык жөндөмүн колдоо, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана кесиптик деңгээлде өнүгүүсүнө шарт түзүү. Бул иш-чарада Ош мамлекеттик университетинин Искусство, педагогика жана журналистика институтунун журналистика адистигинин 4-курсунун студенти Бурканбеков Толубай мыкты жыйынтык көрсөтүп, 1-орунду багындырды. Ал өзүнүн чыгармачылык ишинде маалымат берүү чеберчилигин, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана коомдук темаларды чагылдыруудагы активдүүлүгүн даана көрсөтө алды. Эскерте кетсек, 2024-жылы да ОшМУнун студенттери аталган сынакка катышып, байгелүү орундарды камсыздаган. Бул — университеттин сапаттуу билим берүүгө, жаш кадрларды кесипке даярдоого болгон өзгөчө мамилесинин жемиши болуп саналат. ОшМУнун жетекчилиги жана окутуучулар жамааты Бурканбеков Толубайды жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайт жана мындан аркы чыгармачылык иштеринде ийгиликтерди каалайт!
18 02:51 30-04-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|