КРнын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-июнундгы №355 токтомуна ылайык ОшМУда 2024-2025-окуу жылында бюджеттик негизде окуусун аяктап жаткан педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүн жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү жараяны өттү.
Жыйынды Практика жана карьера борборунун жетекчиси Т.К.Матикеев жетектеп, райондук, шаардык билим берүү уюмдарынан өкүлдөр жана мектеп директорлору катышты.
Жыйындын жүрүшүндө https://job.oshsu.kg/ сайты жөнүндө иш берүүчүлөргө жана бүтүрүүчүлөргө кеңири маалымат берилди. Бул убакытка чейин иш берүүчүлөр жаш адис керек болсо окуу жайга кат жазып кайрылып жүрүшкөн. Азыр эми кайсыл багытта болбосун иш берүүчү иш ордунда эле отуруп сайтка катталып өзүнүн мекемесиндеги бош иш орундарын жеринде эле туруп сайтка жайгаштыра алат жана өзүнө керек болгон адисти сайттан резюмесине карап издеп байланыша алат.
Сайтты иштетүүнүн үстүндө иш берүүчүлөргө ваканттык орундарды киргизүүнү жана өзүнүн багыты боюнча жаш адисти резюмесине карап издөөнү түшүндүрүү жана бул сайт ачылып иштеп баштагандыгы боюнча маалымат берилди. Бул сайтка бүтүрүүчүлөр резюмесин толтуруп жайгаштырып, өзүнө тиешелүү бош ваканттык орундарды издей алышат жана дайыма колдонуп жүрүүнү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Бүтүрүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген ваканттык жана билим берүү бөлүмдөрүнөн келген талапнаамаларда көрсөтүлгөн орундарга бөлүштүрүлдү. Жалпысынан 107 бүтүрүүчү мектептерге бөлүштүрүлүп, жумуш менен камсыз болушту. Быйылкы жылы бюджеттик негизде (педагогикалык багытта) 150 бүтүрүүчү окуусун аяктап жатат.










