News

ОшМУда педагогикалык багытта бюджеттик негизде окуусун аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр мектептерге бөлүштүрүлдү

КРнын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-июнундгы №355 токтомуна ылайык ОшМУда 2024-2025-окуу жылында бюджеттик негизде окуусун аяктап жаткан педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүн жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү жараяны өттү.

Жыйынга райондук, шаардык билим берүү уюмдарынан өкүлдөр жана мектеп директорлору катышты. Бүтүрүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген ваканттык жана билим берүү бөлүмдөрүнөн келген талапнаамаларда көрсөтүлгөн орундарга бөлүштүрүлдү.

Жалпысынан 107 бүтүрүүчү мектептерге бөлүштүрүлүп, жумуш менен камсыз болушту. Быйылкы жылы бюджеттик негизде (педагогикалык багытта) 150 бүтүрүүчү окуусун аяктап жатат.

34 12:09 15-05-2025

                 

News

|< 1 >|