17.05. 2025г. Райимбек У. Н. PhD илимий даражасын алуу үчүн диссертациянын алдын ала коргоосу болду.
11:22
17-05-2025
21
17.05. 2025г. 14:00. ОшМУнун Медицина факультетинде Райимбек уулу Нурландын PhD илимий даражасын алуу үчүн диссертациянын алдын ала коргоосу болуп өттү. Специальносту 560100 — «Коомдук саламаттык сактоо жана медицина».
Диссертациянын темасы:
«Сүт безинин рагын химиялык дарылоо менен айкалыштырган учурда кардиотоксиктиктин эрте баскычтарында миокарддын жабыркашын диагностикалоодо кардиоспецификалык маркерлердин эффективдүүлүгүн изилдөө».
Эксперттик комиссиянын курамы:
1. Сарыбаев Акпай Шогаибович — медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз-Индиялык тоо биомедициналык илимий борборунун башкы илимий катчысы, Кыргыз Республикасынын Внутренней медицины врачтар ассоциациясынын президенти, Бишкек, Кыргызстан;
2. Сейдалин Арыстан Оскарович — медицина илимдеринин доктору, профессор, Казакстан-Россия Медициналык университетинин илимий жана клиникалык иштер боюнча проректору, Алматы, Казакстан, эл аралык эксперт;
3. Маншарипова Алмагүл Төлөө кызы — медицина илимдеринин доктору, профессор, Казакстан-Россия Медициналык университетинин Жалпы врачылык практика кафедрасынын окутуучусу, университеттин илимий катчысы, Алматы, Казакстан, эл аралык эксперт;
4. Калматов Роман Калматович — медицина илимдеринин доктору, профессор, ОшМУнун Медицина факультетинин деканы, Кыргызстан;
5. Маматова Сабира Мирзаевна — медицина илимдеринин кандидат, доцент, ОшМУнун Медицина факультетинин клиникалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, Кыргызстан.