News

Ош мамлекеттик университети менен Кара-Суу шаарынын мэриясы долбоорлорду биргеликте ишке ашырат.

Ош мамлекеттик университети менен Кара-Суу шаарынын мэриясы долбоорлорду биргеликте ишке ашырат.
Кара-Суу шаары
16-май, 2025-жыл
Ош мамлекеттик университети менен Кара-Суу шаарынын мэриясы билим берүү, илим, жаштар демилгеси жана социалдык өнүгүү жаатында кызматташуу максатында өз ара түшүнүшүү жана колдоо меморандумуна кол коюшту.
Бул документке ОшМУнун ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич жана Кара-Суу шаарынын мэри Тентимишов Майрамбек Тентимишович кол коюшту.
Меморандумдун негизги максаты – Кара-Суу шаарынын жашоо сапатын жакшыртуу, региондогу кадрдык потенциалды күчөтүү жана жаштар ишкерчилигин колдоо.
Кызматташуунун алкагында төмөнкүдөй багыттар камтылган:
• Билим берүү, илим, маданият жана социалдык долбоорлорду биргелешип колдоо;
• Студенттер үчүн стажировкалар, практикалар жана ыктыярчылык программаларды уюштуруу;
• Жаштардын демилгелерин жана ишкердикти өнүктүрүү;
• Форум, семинар жана конференцияларды биргелешип өткөрүү;
• Муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу программаларын ишке ашыруу;
• ОшМУнун Enactus командасы ишке ашырып жаткан EcoТрубы (пластикалык калдыктарды кайра иштетүү аркылуу тамчылатып сугаруу, канализация, вентиляция жана курулуш үчүн түтүктөрдү өндүрүп чыгаруу) экологиялык долбоорун жана GFace (мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн компьютерди башкаруу технологиясы) студенттик инновациялык социалдык долбоорлорун колдоону макулдашышты.
Бул кызматташтык аркылуу студенттердин билим берүү процессине практикалык багыт берүү жана шаардык өнүгүүгө жигердүү катышуусу күтүлүүдө.

Ош мамлекеттик университети жана Кара-Суу шаарынын мэриясы бул меморандумдун алкагында бардык иш-чараларды активдүү жана жоопкерчилик менен ишке ашырууну максат кылууда.

22 10:03 19-05-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|