ОшМУда өткөн мотивациялык лекция: студенттерге бизнес баштоонун жолдору тууралуу практикалык кеңештер берилди
2025-жылдын 20-майында Ош мамлекеттик университетинин Бизнес-паркында өзгөчө маанилүү иш-чара болуп өттү. BPN Кыргызстан уюмунун директору, Швейцариядан келген бизнес-эксперт Томас Лаувинер ОшМУнун студенттери менен жолугушуп, «Бизнести кантип башташ керек?» деген темада мотивациялык жана практикалык лекция өткөрдү.
Иш-чара Жаш Акылдардын Форумунун алкагында уюштурулуп, студенттердин ишкерликке болгон кызыгуусун арттырып, жеке бизнес баштоого шыктандыруу максатын көздөдү.
Лекция учурунда катышуучулар төмөнкү ардактуу коноктордон да пайдалуу маалымат алышты:
-
Насиев Эрлан – BPN Ош бөлүмүнүн жетекчиси
-
Абдулжанов Бекижан – BPN компаниясынын окуу бөлүмүнүн менеджери
-
Кадырова Мафтуна – «InnoKids» билим берүү борборунун негиздөөчүсү, ишкер
-
Алмазбеков Азамат-Алтай – «Iwex» компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер
Коноктор ар бири өз тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттерге ишкерликтин негиздери, кыйынчылыктарды жеңүү, мотивация жана ийгиликке жетүүнүн жолдору тууралуу кеңештерди беришти.
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, студенттердин активдүү катышуусу менен өзгөчө мааниге ээ болду. Көптөгөн жаштар өз ойлорун билдирип, суроолоруна пайдалуу жоопторду алышты. Бул жолугушуу алардын келечектеги кесиптик жана ишкерлик жолуна чоң түрткү берери шексиз.










