2025-жылдын 29-апрель күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “бош орундардын” жарманкеси өттү. Саат 10:00дөн 13: 00гө чейин 40тан ашык компания ар кандай тармактарда 2000ден ашык бош орундарды сунуштады. Иш-чара иш издечүүлөргө жумуш берүүчүлөр менен жолугушууга, талапкерлердин талаптарын билүүгө жана ачык позицияларга арыз берүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.
Жарманкеге 40тан ашык компания катышты, анын ичинде ар кандай тармактардан белгилүү өкүлдөр: «Евро Азия Групп» ЖЧК, «Байка-Текстиль» ЖЧК, «Барбол» ЖЧК, «Дастан стиль» ЖЧК, «Шоро» ЖЧК, «Мегаком» ААК, Ош шаарынын муниципалдык ишканалары «Ош-свет» жана «Комбинат по благоустройству и озеленению города Ош», ошондой эле «Центр семейных врачей», Мбанк жана башка компаниялар.
Иш-чара жумуш издеген бардык кызыккандар үчүн пайдалуу болду. Жаш адистерге, студенттерге, бүтүрүүчүлөргө, ошондой эле кесибин өзгөрткүсү келгендерге. Иш-чарага катышуучулар жумуш берүүчүлөр менен түз байланышып, талаптар жана жумуш шарттары тууралуу толук маалымат алып, ачык вакансияларга арыз берип, сунуштарды алышты.
Жарманке чегинде жумушка орношуу боюнча мастер-класстар жана кеңеш берүү сессиялары да уюштурулуп, бул иш издегендерге ийгиликтүү жумуш табуу боюнча кошумча кеңештерди жана сунуштарды алуу мүмкүнчүлүк берди.










