Улуу Жеңиш күнү — эскерүү, сыймык жана таазим!
9-май күнү биз Жеңиш күнүн урматтап, ата-бабаларыбыздын эрдигин эскерүү үчүн парадга бардык.
Бул ыйык кундо "Ички оорулардын пропедевтикасы" кафедрасынын окутуучулары Э.Н.Бекешова,Т.Б.Залова,Ж.Х.Аралова да парадга катышып, ата-бабаларыбыздын эрдигине болгон урмат-сыйды өз жүрөгү менен билдирип,эскерүү салтанатына күбө болду.
Согуштун оор күндөрүн баштан кечирген муунга таазим этип, бүгүнкү тынчтык үчүн ыраазычылык билдирүү — ар бирибиздин парзыбыз.
Бул күн — эркиндик үчүн күрөшкөндөрдүн эрдигин унутпай, даңазалоо күнү!
Мекенди сүйүү — мурас, тынчтык — аманат!