15.05.2025г. БББП ОшМУ-УММУнун 3-курс студенттери үчүн «Жүрөк патологиясынын типтүү формалары» темасында бинардык сабак өттү.
Сабакты ПБжКФ кафедрасынын окутуучусу Ажибаев Д. жана кардиолог дарыгер Галаутдинов Р.Ф. алып барышты. Студенттер жүрөк жетишсиздиги, аритмиялар жана ишемиялык жүрөк оорусунун өнүгүү механизмдерин, ошондой эле клиникалык учурларды изилдешти. Формат теория менен практика байланышын камсыздап, дисциплинага болгон кызыгууну жогорулатты.