Журналистика адистигинин студентти республикалык илимий-практикалык конференцияда 2-орунду ээледи
07:56
02-06-2025
14
2025-жылдын май айында Радио жана телеберүү тармагындагы кызматкерлердин күнүнө арналган республикалык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара «М. Эшимкановдун Кыргыз Республикасындагы эгемен журналистиканын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду» деген теманын алкагында уюштурулуп, анда өлкөнүн ар кыл жогорку окуу жайларынан келген студенттер жана окутуучулар илимий баяндамалары менен катышышты.
Бул маанилүү иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Журналистика багытында билим алып жаткан 3-курстун студенти Асеков Жунус өзүнүн илимий жетекчиси доцент Эргешова Сейил Бактыбековна менен биргеликте даярдаган илимий макаласы аркылуу активдүү катышып, жыйынтыгында экинчи орунга ээ болду.
Асеков Жунустун макаласы белгилүү журналист жана коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун эгемен Кыргызстандагы журналистиканын өнүгүшүнө кошкон салымына арналган. Анда М. Эшимкановдун кесипкөй журналист катары орду, теле жана радио тармагына киргизген жаңычыл идеялары терең талдоого алынган.
ОшМУнун жамааты таланттуу студентти жана анын илимий жетекчисин бул ийгилиги менен куттуктап, мындан аркы чыгармачылык иштерине ийгилик каалайт!