2025-жылдын 13–15-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун Менеджмент жана маркетинг кафедрасынын окутуучулары Кыдыралиев О.А. жана Бекиева Э.Ж. Өзбек Республикасынын Андижан шаарындагы Экономика жана педагогика университетине илимий тажрыйба алмашуу максатында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында иш сапар менен барышты.
Академиялык мобилдүүлүк алкагында окутуучулар аталган университеттин экономика багытында окуган 2–3-курс студенттери үчүн конок лекциялар жана практикалык сабактар өткөрүштү. Сабактар учурунда студенттер заманбап менеджмент жана маркетинг жаатындагы пайдалуу маалыматтар менен таанышышты.
Сапардын соңунда эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө, тажрыйба жана билим алмашууга өбөлгө болуп, окутуучулар сертификаттар менен сыйланышты