Жанылыктар

«Салам, Ош – 2025»: Эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке Ошто болуп өттү.

«Салам, Ош – 2025»: Эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке Ошто болуп өттү.

2025-жылдын 3-июнунда, Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында «Салам, Ош – 2025» аттуу II Эл аралык көп тармактуу туристтик көргөзмө-жарманкенин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, КР Соода-өнөр жай палатасынын, Туризм департаментинин, БУУ жана ЕККУ уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөгө Германия, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан сыяктуу бир катар чет мамлекеттерден, ошондой эле Кыргызстандын бардык облустарынан келген туризм тармагындагы уюмдар, мекемелер жана туроператорлор өз кызматтарын сунуштап, жайкы туристтик сезонго даярдыктарын көрсөтүштү.

Иш-чарада Ош мамлекеттик университетинин Бизнес-паркында иш алып барган стартаптар, ошондой эле университеттин илимий изилдөө топтору да активдүү катышып, өз долбоорлорун жана иштеп чыгууларын тааныштырды.

Көргөзмөнүн негизги максаты – аймактар аралык жана эл аралык туристтик кызматташтыкты чыңдоо, инновациялык туристтик кызматтарды өнүктүрүү жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытуу болуп саналат.

18 07:45 04-06-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|