Фармация адистигинин бүтүрүүчү курстары үчүн мамлекеттик экзаменге даярдык боюнча обзордук лекция өтүлдү
10:14
05-06-2025
24
Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинде фармация адистигинин бүтүрүүчү курс студенттери үчүн мамлекеттик аттестацияга карата обзордук (жалпылоо) лекция уюштурулду. Иш-чаранын максаты — студенттердин кесиптик даярдыгын бекемдөө жана билимдерин системалаштыруу аркылуу мамлекеттик экзаменге сапаттуу даярдыкты камсыздоо болуп саналат.
Лекцияда негизги предметтер боюнча актуалдуу маселелер каралды. Окутуучулар тарабынан теоретикалык материалдар практикалык мисалдар менен бекемделип, экзамендик суроолордун мазмуну боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Иш-чара студенттердин предметтер боюнча терең түшүнүгүн чыңдоого жана өз алдынча даярдануу багыттарын аныктоого өбөлгө болду. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер суроолорду берип, жоопторду талкуулашты.