Фармация адистигинин бүтүрүүчү курстары үчүн мамлекеттик экзаменге даярдык боюнча обзордук лекция өтүлдү
10:14
05-06-2025
23
Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинде фармация адистигинин бүтүрүүчү курс студенттери үчүн мамлекеттик аттестацияга карата обзордук (жалпылоо) лекция уюштурулду. Иш-чаранын максаты — студенттердин кесиптик даярдыгын бекемдөө жана билимдерин системалаштыруу аркылуу мамлекеттик экзаменге сапаттуу даярдыкты камсыздоо болуп саналат.
Лекцияда фармацевтикалык химия, фармакология, дары формаларын технологиясы, уюштуруу-экономикалык дисциплиналар сыяктуу негизги предметтер боюнча актуалдуу маселелер каралды. Окутуучулар тарабынан теоретикалык материалдар практикалык мисалдар менен бекемделип, экзамендик суроолордун мазмуну боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Иш-чара студенттердин предметтер боюнча терең түшүнүгүн чыңдоого жана өз алдынча даярдануу багыттарын аныктоого өбөлгө болду. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер суроолорду берип, жоопторду талкуулашты.