Haber

Фармация адистигинин бүтүрүүчү курстары үчүн мамлекеттик экзаменге даярдык боюнча обзордук лекция өтүлдү

Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинде фармация адистигинин бүтүрүүчү курс студенттери үчүн мамлекеттик аттестацияга карата обзордук (жалпылоо) лекция уюштурулду. Иш-чаранын максаты — студенттердин кесиптик даярдыгын бекемдөө жана билимдерин системалаштыруу аркылуу мамлекеттик экзаменге сапаттуу даярдыкты камсыздоо болуп саналат. Лекцияда фармацевтикалык химия, фармакология, дары формаларын технологиясы, уюштуруу-экономикалык дисциплиналар сыяктуу негизги предметтер боюнча актуалдуу маселелер каралды. Окутуучулар тарабынан теоретикалык материалдар практикалык мисалдар менен бекемделип, экзамендик суроолордун мазмуну боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Иш-чара студенттердин предметтер боюнча терең түшүнүгүн чыңдоого жана өз алдынча даярдануу багыттарын аныктоого өбөлгө болду. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер суроолорду берип, жоопторду талкуулашты.
22 10:14 05-06-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|