Фармация адистигинин студенттери Кара-Шоро жайлоосундагы талаа практикасынан ийгиликтүү өтүштү
10:29
05-06-2025
46
Медициналык колледжинин фармация адистигинин 2-курсунун студенттери Кара-Шоро жайлоосунда уюштурулган талаа практикасынан ийгиликтүү өтүштү. Табигый чөйрөдө өткөрүлгөн бул иш-чара студенттердин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырып, кесиптик даярдыгын тереңдетүүгө өбөлгө болду.
Талаа практикасынын жүрүшүндө студенттер дары өсүмдүктөрүн таанып-билүү, чогултуу, туура кургатуу жана сактоо жолдору боюнча ар тараптуу билимдерди алышты. Ошондой эле алар жергиликтүү климаттык шарттарда өсүүчү өсүмдүктөрдүн фармакологиялык маанисин изилдеп, дары чөптөрдү таануу боюнча практикалык көндүмдөрүн бекемдешти.
Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер практикалык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Бул практика келечектеги фармацевттер үчүн чоң тажрыйба болуп, аларга табият байлыктарын дары-каражат катары пайдалануунун негиздерин үйрөттү.
ПЦК жамааты жана жетекчилик бул практиканын уюштурулушуна активдүү катышкан окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирет.