News

Фармация адистигинин студенттери Кара-Шоро жайлоосундагы талаа практикасынан ийгиликтүү өтүштү

Медициналык колледжинин фармация адистигинин 2-курсунун студенттери Кара-Шоро жайлоосунда уюштурулган талаа практикасынан ийгиликтүү өтүштү. Табигый чөйрөдө өткөрүлгөн бул иш-чара студенттердин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырып, кесиптик даярдыгын тереңдетүүгө өбөлгө болду. Талаа практикасынын жүрүшүндө студенттер дары өсүмдүктөрүн таанып-билүү, чогултуу, туура кургатуу жана сактоо жолдору боюнча ар тараптуу билимдерди алышты. Ошондой эле алар жергиликтүү климаттык шарттарда өсүүчү өсүмдүктөрдүн фармакологиялык маанисин изилдеп, дары чөптөрдү таануу боюнча практикалык көндүмдөрүн бекемдешти. Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер практикалык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Бул практика келечектеги фармацевттер үчүн чоң тажрыйба болуп, аларга табият байлыктарын дары-каражат катары пайдалануунун негиздерин үйрөттү. Кафедра жамааты жана жетекчилик бул практиканын уюштурулушуна активдүү катышкан окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирет.
47 10:29 05-06-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|