Жанылыктар

ОшМУда Евразиялык экономикалык-географтар конгресси өтүүдө

Бүгүн, 2-июнда ОшМУнун базасында Евразиялык экономикалык-географтар конгресси башталды. Ага Кытай, Германия, Орусия, Сербия, Белорусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын окумуштуулары, географтар, экологдор, илимий изилдөөчүлөр жана дүйнөнүн бир катар алдыңкы илимий борборлорунун өкүлдөрү катышууда.

Анда Евразиядагы мейкиндиктик өнүгүү, “жашыл” экономика, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири, регионалдык транспорттук коридорлор жана геосаясий маселелер боюнча баяндамалар окулду. Конгресс алкагында эки секция иш алып барып, экологиялык, экономикалык жана социалдык маселелер, туризмдин өнүгүшү, миграция жана аймактык пландаштыруу сыяктуу темалар терең талкууланууда.

Бул ири эл аралык илимий жыйын Ош мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук университети, Бишкек мамлекеттик университети, Орусия Илимдер академиясынын География институту жана Орусиялык коомдук географтар ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Конгресс 9-июнга чейин уланат. Анда Ленин чокусуна жана Ысык-Ата курортуна экскурсиялар уюштурулуп, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларындагы иш-чаралар менен уланат.

Бул конгресс илимий кызматташтыкты бекемдеп, Евразия мейкиндигиндеги коомдук-географиялык маселелер боюнча жаңы багыттарды аныктоого чоң өбөлгө болору күтүлүүдө.

23 05:36 09-06-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|