"КЕЛЕЧЕК БИЗДИН КОЛДО – БҮТҮРҮҮЧҮ-2025!" аталышында маданий иш-чара болуп өттү
15:52
10-06-2025
25
2025-жылдын 10-июнь күнү Ош мамлекеттик университетинин экономика, бизнес жана менеджмент институтунда "КЕЛЕЧЕК БИЗДИН КОЛДО – БҮТҮРҮҮЧҮ-2025!" аталышында салтанаттуу бүтүрүү иш-чарасы болуп өттү.
Аталган иш-чара - бүтүрүүчүлөрдүн 4(төрт) жылдык студенттик мезгилинде билим алуудагы жетишкендиктерин, коомдук, маданий иш-чаралардагы жана спорттук мелдештердеги жараткан ийгиликтерин даңазалоо, жашоонун жаңы баскычына кадам таштап жаткан бүтүрүүчүлөргө дем берүү, келечекке болгон ишенимди арттыруу жана мугалимдерге, ата-энелерге терең ыраазычылык билдирүү аркылуу окуу жай менен коштошуу учурларын унутулгус майрамга айландыруу максатында уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө каалоо тилектер айтылып, концерттик программа менен коштолду. Андан сырткары активдүү студентер ОшМУнун жана Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун АРДАК ГРАМОТАЛАРЫ менен сыйланышты.