News

ОшМУнун окутуучулары ЕККУнун эл аралык медиа семинарына катышышты

2025-жылдын 26-27-май күндөрү ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан уюштурулган "Жасалма интеллект жана фейк жаңылыктарга каршы туруу" темасындагы эл аралык семинар болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандагы жаш журналисттер, медиа адистер жана блоггерлер катышышты. Семинарга Ош мамлекеттик университетинин журналистика багытынын окутуучулары А. Умарова жана Ш. Жапаралиев да активдүү катышып, эл аралык деңгээлдеги сертификаттарга ээ болушту. Иш-чаранын алкагында катышуучуларга медиасабаттуулук, фактчекинг, жасалма интеллекттин маалымат таркатуудагы ролу жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү ыкмалары тууралуу практикалык жана теориялык билимдер берилди. Семинарды эл аралык тажрыйбасы бар тренерлер Juraj Nosal жана Svetlana Margolis өткөрүштү. Катышуучулар заманбап медианын чакырыктары жана санариптик технологиялар доорундагы журналисттик жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат алышты. Бул сыяктуу иш-чаралар аймактык ЖМК кызматкерлеринин билимин тереңдетип, кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү шексиз.
18 06:21 11-06-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|