13-июнь күнү Финансы-юридикалык колледжинде салтанаттуу “БҮТҮРҮҮЧҮ–2025” кечеси жогорку деңгээлде өтүп, билим жолундагы соңку баскычты белгилеген маанилүү учурга айланды. Бул кече студенттердин жетишкендиктерин белгилеп, кураторлор менен ата-энелерге ыраазычылык билдирүү, бүтүрүүчүлөргө келечекке ак жол каалоо максатында уюштурулду.
Иш-чарага колледждин администрациясы, окутуучулар, ата-энелер жана студенттер катышып, куттуктоо сөздөрү, ыр-бий номерлери, ыраазычылык каттарды тапшыруу аземи менен коштолду.
Кеченин жүрүшүндө окуу жайдын дирекциясы тарабынан мыкты уюштуруу иштери байкалып, студенттердин эсинде унутулгус эскерүү болуп калды. Бул кубанычтуу учур бүтүрүүчүлөрдүн келечектеги ишенимдүү кадамдарына шыктануу тартуулады.