Финансы-юридикалык колледжинде орус тили боюнча олимпиада өттү
04:57
14-06-2025
16
Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинде 9-база негизинде кабыл алынган 1-курс студенттеринин арасында орус тили боюнча олимпиада өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — студенттердин орус тилине болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын жазуу жана оозеки сөздөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Олимпиаданын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталып, аларга грамоталар жана белектер тапшырылды. Иш-чара жылуу атмосферада өтүп, бардык катышуучуларга жакшы таасир калтырды.
Уюштуруучулар: Кайназаова А., Жапарова Г., Ташматова Г., Акматова Д., Ташматова Д., Джороева А., Давлятова Б., Кокчаев К.