Новости

РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

ОшМУнун теология факультетинин деканы, Арипов Ниязали Турдалиевич баштаган факультеттин окутуучулары жана студенттеринен турган өкүлдөр Эл аралык студенттер күнүнө арналган республикалык конференцияга катышууда. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Ислам академиясы тарабынан 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата уюштурулган, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты катары тарыхый мааниге ээ Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган жогорку окуу жайлардын 1-курс студенттеринин республикалык илимий-практикалык конференциясы болуп өтүүдө. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин илимий-изилдөө потенциалын колдоо жана илимий ой жүгүртүүсүн күчөтүү жана жаштарды мекенчилдикке, тарыхый мурасын терең урматтоого үндөөгө багытталган макалалар окулууда. Конференцияга өлкөнүн бир катар жогорку окуу жайларынан келген жаш изилдөөчүлөр өз баяндамалары менен катышып, ар түрдүү илимий багыттарда өз ойлорун ортого салышууда. Бул маанилүү иш-чарага илимий иштер боюнча декандын орун басары Санжарбек Тажибаев, ОшМУнун финансы жана юридикалык колледжинин теология бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Апазов, факультеттин 1-курс студенттери Акмырзаева Батма, Кожобекова Роза, Ахмаджанова Мухлиса, Эрмекбаева Акинай жана Акматова Алина илимий докладдар менен катышууда. Студенттер өздөрүнүн биринчи илимий иш-чарасына жигердүү катышып, баяндамаларында бүгүнкү күндүн диний, социалдык жана тарыхый өңүттөгү актуалдуу темаларын талдоого алышып, жогорку деңгээлдеги даярдыктарын көрсөтүшүүдө. Конференция жаш муундун илимий изденүүсүнө чоң стимул берип, тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түздү. ОшМУнун теология факультети мындан ары да студенттердин илим-билим жолундагы демилгелерин колдоону улантат.
275 05:44 14-06-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|