ОшМУда студенттердин Нобель сыйлыгына айланган «Атуулдук стипендия» тапшырылды (20.11.2025)
05:48
14-06-2025
285
Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) жыйырма студенти «Атуулдук стипендия» алды. Аларды сыйлоо үчүн 20-ноябрда «Идея, аракет, натыйжа» аталышында иш-чара уюштурулуп, ага ректор Кудайберди Кожобеков, стипендиянын демөөрчүсү, ОшМУнун профессору Салы Каримов, «Компаньон» банкынын өкүлдөрү, ата-энелер, окутуучулар жана студенттер катышты. Бул күнү ОшМУда студенттер күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү. Президенттик стипендия, атуулдук стипендия жана эң жогору GPA үчүн студенттер сыйланышты.
Сыйлык алган студенттердин катарында Теология факультетинин 3-курсунун студенти Айтбай кызы Гүлүмкан ОшМУнун эң алдыңкы TOP20 студентине кирип, 10 000 сомдук сертификатка ээ болду. Студентибиз Айтбай кызы Гүлүмканга мындан ары да чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз.