ОшМУнун делегациясы Павлодар педагогикалык университетинде тажрыйба алмашып келди
05:28
16-06-2025
32
Делегация университеттин жетекчилиги менен жолугуп, инклюзивдик билим берүү багытындагы ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал эми жыйынтыктоочу тегерек столдо бир катар негизги багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу жетишилди. Алардын катарында биология, ага тиешелүү багыттар, орус тили жана адабияты, англис тили боюнча биргелешкен билим берүү программаларын ачуу, студенттер, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу, чек арага жакын жайгашкан жаратылыш аймактарында биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү, эл аралык гранттар жана илимий конференцияларга катышуу каралган.
Павлодар педагогикалык университети республикадагы педагогикалык жогорку окуу жайларынын арасында 3-орунду ээлеп, өлкөдөгү мыкты 10 педагогикалык университеттин катарына кирет.