Кыргыз-Кытай факультетинин куратору Шеранова Нуржамал Нурбековна ОшМУнун ректорунун ыраазычылык каты менен сыйланды.
08:28
16-06-2025
23
Ош мамлекеттик университетинин 2024–2025-окуу жылындагы жыйынтыктоочу аземинде Кыргыз-Кытай факультетинин куратору, окутуучу Шеранова Нуржамал Нурбековна жетектеген тайпасы менен тарбиялык иштерди жигердүү жүргүзүп, студенттер арасында мыкты тарбиялык чөйрө түзгөндүгү үчүн ОшМУнун ректорунун ыраазычылык каты менен сыйланды.
Эжекебиздин ишмердүүлүгү студенттердин активдүүлүгүн жогорулатууга жана сапаттуу билим, үлгүлүү жүрүм-турумду калыптандырууга багытталган. Жетишкен ийгилиги менен чын дилден куттуктайбыз!