Рубрика "Слово ректора"

“Университетте өнүгүүнүн 10+10+10+10=САПАТ моделин түзүүнү алдыга койдук”

Ош мамлекеттик университети соңку жылдары окуу-материалдык, илимий-өндүрүштүк, адистик базасын чыңдап, эл аралык байланыштары кулач жайып, улуттук жогорку окуу жайлардын ичинен алдыга суурулуп чыгып, мезгил менен тең жарышкан динамикалуу өнүгүү жолуна түшкөн окуу жайга айланды.

- Саламатсызбы Каныбек Абдуваситович, алгач кеп учугун Ош мамлекеттик университетинин легендарлуу тарыхы жана анын өлкөнүн турмушундагы орду тууралуу маегибиз менен баштасак?

-ОшМУ –бай тарыхы, коомдогу омоктуу орду менен өлкөбүздүн адам ресурсунун, интеллектуалдык жана профессионалдык потенциалынын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуп келе жаткан университет.

Көп жылдар бою Кыргызстандын элинин 52% түзгөн Түштүк Кыргызстандагы жападан жалгыз жогорку окуу жайы болгон. Геосаясий жактан алганда да Ош пединститутунун орду өтө маанилүү болгон эле.

Региондогу илим-билимдин, маданияттын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институту кезинде билим берүү, илим, тарбиялоо боюнча окуу жай СССРдеги эң мыкты 10 педагогикалык институттун катарына кирген.

Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин 1992-жылдын 17-июнундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Ош мамлекеттик педагогикалык институту – Ош мамлекеттик университети болуп кайра түзүлгөн.

ОшМУ – бүгүн эл аралык билим берүүдөгү эң алдыңкы тажрыйбаларды, инновацияларды өздөштүрүп, билим берүү технологияларын өнүктүрүп жатат.

Университетти бүгүнкү мезгилдин ургалдуу талаптарына ылайык модернизациялоого жана трансформациялоого аракеттенип жатабыз.

Азыр университетте 76 багыт боюнча 28 000ден ашуун студенттер окушат. Бүгүн Ош МУда 27 мамлекеттен келген 1700дөн ашуун чет өлкөлүк студенттер билим алышат. ОшМУ-билим берүү экспортун жасап жаткан ийгиликтүү университеттердин бири.

Бүгүн ОшМУда 16 факультет, 3 билим берүү институту, 1 илим изилдөө институту, 3 колледж, 2 лицей, 1 бала бакча, аспирантура жана ординатура, магистратура жана PhD доктарантура бөлүмдөрү, 21 окуу корпусу, 8 жатакана, 2 медициналык клиника, 7 клиникалык база, чет өлкөлүк окутуучулар үчүн мейманкана, эс алуу борборлору, Ысык-Көлдө пансионаты, студенттик профилакториясы, 10дон ашык спорттук комплексттери, 20дан ашуун китепканасы, электрондук китепканалар, 30дан ашуун окуу залдары бар. Мындан тышкары “Салтанат” фольклордук ансамбли, “Үмүт” фольклордук тобу, “Жаштык” эстрадалык ансамбли, дизайнердик жана модельердик агенство, үйлөмө аспаптар ансамбли, “Новнихал” театры, “Жигер” адабий клубу, “Үмүт” телестудиясы, “Нур” гезити жана ондогон студенттик клубдар иштейт.

ОшМУ – түзүлгөндөн бери өлкөбүздөгү стабилдүүлүктүн, туруктуулуктун камсыз болушуна эбегейсиз кызмат кылып келүүдө.

-Учурда ОшМУда бир топ ири курулуштар пайдаланууга берилип, айрымдарынын курулуш иштери аяктап калгандыгын көрдүк, ректор катары университетте билим берүү инфраструктурасын жаңылоо багытындагы жүргүзүп жаткан иштериңизге токтолуп өтсөңүз?

- Башкы максатыбыз-эл аралык стандарттагы билим берүүгө жетишүү. Университетти бүгүнкү мезгилдин ургалдуу талаптарына ылайык трансформациялоо. Учурда бардык окуу корпустары, кафедралары, аудиториялар жана лабораториялар, спорт комплекстери жаңы мазмунга өзгөртүлүп, инфраструктурасы жаңыланды жана университет жаңы обликке ээ болууда.

Бул үчүн биринчи кезекте билим берүүнүн тийиштүү сапаттагы инфраструктурасын түзүүгө күч үрөп жатабыз. Ошон үчүн университетте азыр алты жаңы окуу имаратын курдук. Негизинен өзүбүздүн ички ресурстардын эсебинен бүткөрүлдү. 2014-жылы 250 орундуу европалык стандарттагы медициналык клиника жана стоматологиялык клиника курулуп пайдаланууга берилди. Быйылкы окуу жылында Өзгөн шаарындагы медициналык колледжге жаңы имарат сатып алып реконструкцияладык. Финансы-юридикалык колледжинин 3-кабаты курулуп, жаңыртылды.

ОшМУда бир жарым миңден ашуун чет элден келген студенттер билим алууда. Биз бардык сабактарды англис тилинде окуткан, эл аралык жана мамлекеттик стандартка шайкеш билим берүү системасын түзгөнгө жетиштик. Эми аларга тийиштүү шартта билим берүү үчүн 4 кабаттуу эл аралык медицина факультетин жана анын жанына дарылоо факультетин куруп бүттүк, ушул күндөрү пайдаланууга берилет. Ал эми Кытай Эл Республикасы менен биргеликте үч жыл мурда ачылган Конфуций институтунда билим алууну каалагандардын саны жылдан жылга өсүүдө, кытай тараптан быйылкы жылы “Үлгүлүү Конфуций институту” деген статуска ээ болдук. Ошондуктан аталган институтка чоң заманбап окуу имаратын куруу боюнча кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, 800 000 доллар грант бөлүндү. Жакынкы күндөрү бул институтка бир окуу имараты жана чет өлкөлүк окутуучулар жана магистранттар үчүн мейманкананы куруу ишин баштайбыз.

2016-2017-окуу жылында ОшМУнун филология факультетинин жанына эл аралык стандарттагы ОшМУнун интеллектуалдык борборун куруу, искусство факультетинин төрт кабаттуу окуу имаратын куруунун архитектуралык пландары иштелип жатат. Ошондой эле жакынкы аралыкта заманбап спорттук жана концерттик комплексин куруу пландаштырылып жатат. Башкы корпустун жанына чоң конференц залын салуу да милдети турат.

-Чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ишенимине кирип, чоң инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатыпсыздар, эл аралык деңгээлдеги долбоорлорду турмушка ашыруу үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөрдү кантип ынандырып жатасыздар?

-Дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттер менен биргелешкен факультеттерди ачуу аракеттерибиз жакшы натыйжаларды берди. Батыш жана Чыгыш өнүккөн университеттери менен биргелешип жаңы окутуу моделдерин жараттык. Мисалы, Түркиянын мисалында Ыйман лицейин түздүк. Жакынкы арада Түркия менен биргелешип 200 орундуу жатакана, 600 орундуу окуу имаратын куруунун алдында турабыз. Евросоюздун долбоорлоруна, ЮСАИДдин долбоорлоруна ишенимдүү кирип 200 млн сомго жакын инвестицияларды тарттык.

Жогоруда айтып өткөндөй чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте ири долбоорлорду биргелешип аткарып жатабыз. Бүгүн эл аралык коомчулук биздин чечкиндүү кадамдарыбызга ишенди, инвестициялык колун сунду. Инвестиция тартуунун заманбап жолдорун таба алдык. Биргелешкен долбоорлор аркылуу акчалай түрүндө эмес, технологиялар түрүндө, эмеректер түрүндө, түрдүү кызмат көрсөтүүлөр түрүндө инвестиция алуунун көзүн таптык.

-Сиз үчүн ийгиликтүү университеттин формуласы эмнеде?

-Азыр биз ошол ийгиликтүү университеттин моделин түзүүнүн үстүндө, ийгиликтүүлүктүн рецебин издөөнүн жолунда бараткандыгыбызды айткым келет. Акырын айлана-тегерекке абай салып, аңдасаңыз, университетибиздин заман талабына ылайык трансформациялоонун жолуна түшүп жатканын байкайсыз.

Улуттук баалуулуктарыбызды, нарк дөөлөттөрүбүздү унутпай, заманбап ой жүгүртүп, студенттерге сөз эркиндигин, ой жүгүртүү эркиндигин бердик. Эми тандоо эркиндигине жол ачып жатабыз.

Быйылкы жылы университетте өнүгүүнүн  10+10+10+10=САПАТ моделин түзүүнү алдыга койдук. Бизде чет элдик студенттердин катышы сөзсүз түрдө 10 пайыздан кем болбошу керек (азыркы учурда 14,4 % түзөт). Жалпы студенттерибиздин 10 пайызы башка алдыңкы өлкөлөрдөгү өнөктөш университеттерден академиялык алмашуу программалары менен барып окуп келиши керек (азыр бул көрсөткүч бизде 4 % жакын). Окутуучулук-профессордук жамааттын 10 пайызы чет элдик окуу жайлардан чакыртылып алынган алдыңкы адистер, профессорлор болууга тийиш. Ошол эле учурда өзүбүздүн окутуучуларыбыздын 10 пайызы башка алдыңкы өлкөлөрдөгү өнүккөн окуу жайларга барып, кесиптик билим деңгээлин көтөрүп, тажрыйба топтоп келиши абзел. Ушул моделдин негизинде студенттерибиз менен студенттерибиз алмашып, окутуучулар менен окутуучулар алмашып дүйнөлүк билим берүүгө камыр-жумур аралашат. Мындайча айтканда билим оошот, акыл жугушат биз ушул процесс менен өнүгүүнү жолго коёбуз. Башкалардын жакшысы болсо алабыз, өзүбүздүн позитивди башкаларга көрсөтөбүз, кемчилигибиз болсо арылабыз. Бул дегендик алдынкы технология, тажрыйба, үйрөнүү жана үйрөтүү дегендин айкалышуусун түшүндүрөт. Ошондо бир ажайып билим берүүнүн сапаты келип чыгат. Университетке жаңы дем, жаңы ой, жаңы мазмун, жаңы дух берип, жаңы демилгелерди жана саамалыктарды жаратып, жаңы деңгээлге көтөрүлөбүз.

Жакынкы беш жылда жете турган чоң амбициялык максатыбыз бар. Ал максатыбыз – 77 жылда топтогон илимий, руханий, педагогикалык потенциалыбызды толук аракетке келтирип, Борбордук Азиядагы эң мыкты 5 университеттин катарына кирүү.

Суроо салган: Сахиба Кадырова,

“ЛИДЕР” журналынын башкы редактору

7935 10:18 10-02-2016

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< 1 2 3 4 >|