2025-жылдын 7-10 июнь күндөрү ОшМУнун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценттери - б.и.к., А.М.Абдыкааров, б.и.к., К.Ы.Стамалиев жана б.и.к., У.А.Атабеков Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагында илимий экспедицияда болушту. Илимий экспедицияны Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун биогеохимия жана радиоэкология лабораториясынын башчысы, КРнын УИАсынын корреспондент-мүчөсү, биология илимдеринин доктору, профессор Дженбаев Бекмамат Мурзакматович жетектеди.
Экспедициялык курамда иш алып барган окумуштуулар «Эти Бакыр Терексай» жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан тоо-кен иштерин жүргүзүп жаткан аймактардын фаунасын изилдешти.
Экспедициянын максаты: аталган аймактын фаунасын, байырлаган жаныбарлардын экологиясын, түрдүк курамын изилдөө болуп саналды. Изилдөө учурунда жаныбарлар дүйнөсү (түрдүк курамы, жашоо чөйрөсү), биоартүрдүүлүгү, систематикалык абалы жана Кызыл китепке киргизилген түрлөрү такталып, аларды коргоо боюнча сунуштар берилди