Кыргыз Республикасынын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча 2040-жылга чейинки Мамлекеттик программасы жана 2025-2030-жылдарга карата иш-аракеттердин планын талкуулоо боюнча тегерек стол 2025-жылдын 16-июнь күнү ОшМУнун башкы имаратынын жыйындар залында болуп өттү.
Иш-чарага: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) өкүлү, «БИОМ» Экологиялык кыймылынын өкүлү жана ОшМУнун ТТДТАТ институнун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын окумуштуулары Абжамилов С., Абдыкааров А., Каримов Б., Стамалиев К., ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасынын окумуштуулары Маматкулов О., Буранов Э. катышты. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча 2040-жылга чейинки Мамлекеттик программасынын жана 2030-жылга чейинки иш-аракеттер планын презентациялоо болду. ОшМУдан катышкан окумуштуулар биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо багытында өздөрүнүн баалуу сунуштарын берип, мындан ары аталган уюмдар менен жаратылышты коргоо багытында чогуу иш алып баруу пландарын талкуулашты.