Ош шаары, 2025-жылдын 13-июну
ОшМУнун Бизнес паркында жаштардын 21 стартап долбоору катышкан тренинг жыйынтыкталды.
Бүгүн Ош мамлекеттик университетинин Бизнес паркында жаштардын ишкердик демилгелерин колдоо боюнча программа алкагында 4 күндүк тренинг уюштурулду.
Тренингке 30 катышуучу тандалып, жыйынтыгында 21 стартап долбоордун презентациясы (питчинг) болуп өттү. Иш-чара Бизнес парктын, ОБСЕнин, «ЖИА» бизнес-ассоциациясынын жана Ош облусунун ишкердикти колдоо борборунун колдоосу менен уюштурулду.
Питчингке 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштардан түзүлгөн 21 команда катышты. Ар бир долбоор конкреттүү көйгөйлөрдү чечүүгө, жаңычылдыкка, коомдук пайдалуулукка жана келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, калыстар курамын жана катышуучуларды таң калтырды.
Программа катышуучуларга төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
• Бизнес негиздери боюнча акысыз окутуу;
• Иш баштоо же бизнести кеңейтүү үчүн жабдуу жана 200 000 сомго чейин каржылык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү;
• Тажрыйбалуу менторлордон кеңеш жана колдоо алып туруу;
• Идеяны чыныгы бизнеске айлантууга көмөк көрсөтүү.
Сунушталган долбоорлор ар түрдүү тармактарды камтыды: IT, жасалма интеллект, билим берүү, айыл чарба, текстиль, өндүрүш, туризм жана башка. Катышуучулар өз идеяларын адистерге, калыстарга жана мүмкүн болгон инвесторлорго тааныштырды.
Иш-чаранын уюштуруучулары жаштардын жигердүүлүгүн жана даярдыгын жогору баалап, мындай демилгелер жаштардын ишкердик потенциалын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгилешти.
Иш-чаранын аягында Бизнес парктын директору Эрлан Камалов өнөктөш уюмдарды биргелешкен программаларды иштеп чыгып, келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.










