Кыргыз-Кытай факультети жана Кыргызстан эл аралык мектеби: билим берүү кызматташуусунун жаңы этабы
09:47
18-06-2025
23
2025-жылдын 17-июнунда Кыргыз-Кытай факультети менен Кыргызстан эл аралык мектебинин ортосунда кытай тилин окутууну өркүндөтүү жана кызматташтыкты жөнгө салуу маселелери боюнча расмий сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тил окутуу багытында тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана билим берүү процесстерин жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Иш-чара эки тараптуу кызматташууну чыңдоого жана сапаттуу тил билимин камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам катары белгиленди.