Жанылыктар

Ош мамлекеттик университетинде жыл жыйынтыгы чыгарылды

20-июнда Ош мамлекеттик университетинде жыл жыйынтыгы чыгарылды. Анда "ОшМУнун заманбап лектору", "ОшМУнун заманбап окутуучусу" жана "Педагогикалык дебют", “Заманбап окуу-усулдук колдонмо”, ”ОшМУнун заманбап окуу басылмасы”, ”ОшМУнун заманбап студенттик өз алдынча ишинин чебери” конкурстарын уюштуруп өткөрүүгө салым кошкон эксперттик топтор, конкурстун жеңүүчүлөрү жана XII Түштүк аймактык ЖОЖдор аралык студенттик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды. Салтанаттуу азем ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулду. Жыйынга Окуу иштери боюнча проректор Руслан Арапбаев, структура жетекчилери, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты. “Кароо сынактар педагогикалык кызматкерлердин чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүү, чыгармачыл активдүүлүктү жогорулатуу, инновациялык иштелмелерди жана технологияларды колдоо, билим берүүчүлүк ишмердиктеги жетишкендиктерди стимулдаштыруу максатында жыл сайын уюштурулуп келет”, –деди Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Былыкова. Иш-чара таланттуу окутуучулардын концерттик программасы менен коштолду.

15 03:47 23-06-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 >|