2025-жылдын 30-июнь күнү зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын жамааты 2024-2025 - окуу жылынын жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрүштү. Жыйында, кафедра башчысы К.Стамалиев билдирүү жасап, окуу жылы ичинде кафедрада пландалган иш-чаралар баары аткарылганын белгиледи. Өзгөчө, университеттин, институттун жана кафедранын эмгек жамааты менен биргеликте 2025-жылдын 23-24-май күндөрү профессор Б.К.Кулназаровдун 65 жылдык юбилейине арналган "Туруктуу өнүгүүдөгү өнөктөштүктөр жана инновациялар: биоартүрдүүлүк, жашыл экономика жана экология" аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияны жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүнө токтолуп өттү. Конференциянын жыйынтыгы менен “ОшМУ жарчысы” журналына 83 илимий макала келип түшүп жарык көрүү алдында тургандыгын, ошондой эле 14 илимий макала Скопус базасынан жарык көрүп жаткандыгын баса белгилеп, эмгек жамаатка ыраазычылык билдирди.