Арал деңизине болгон эл аралык илимий экспедицияга катышуу
07:35
10-07-2025
38
2025-жылдын 26-июнь-1-июль күндөрү Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору Низамиев А.Г., кыргыз-кытай факультетинин деканынын м.а. Үсөн уулу М., Жашыл экономика жана тобокелчиликтерди башкаруу ИИИнун директору Момошева Г.А., экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын ага окутуучусу Султанов Ж.М. Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик университетинде иш сапарында болуп келишти. Иш сапардын алкагында эл аралык кызматташтык боюнча проректор, PhD Т.У.Нурымбетов, илим жана инновациялык иштер боюнча проректор, г.и.д., профессор И.Р.Турдымамбетов менен академиялык жана илимий жаатта байланышуу боюнча сүйлөшүүлөр болду; география жана жаратылыш ресурстары факультетинин окутуучулар жана студенттер жамааты менен жолугушууда профессор А.Г.Низамиев конок лекция окуду; изденүүчү Х.С.Касимовдун диссертациялык иши боюнча илимий кеңештин ишине катышышты. Маданий-таанып билүүчүлүк туризмдин негизинде И.В.Савицкий атындагы Каракалпакстан Республикасынын мамлекеттик искусство музейинде болушту; дүйнөдөгү эң чоң боз үйдү (карүй деп коюшат) көрүү өзгөчө таасир калтырды жана бул уникалдуу боз үй «OROL AGRO» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жасалып, Нукус шаарында орнотулган жана расмий түрдө өзүнүн көлөмү боюнча дүйнөдө эң чоң боз үй катары Гиннестин рекорддор китебине киргизилген. 28-29-июнда эң негизги максат болгон Арал деңизине саякат болду. Нукус шаарынан Мойнок шаарына 220 км, Мойноктон (Кичи)Арал деңизине чейин 120 км жол жүрүшүп, каракалпак окумуштуулары (г.и.к., доцент Ембергенов Н.Ж., PhD Жолдасов А.С.) менен кошо деңизден калган жылаңач түбү (эч бир өсүмдүк өсө элек кең тегиздик), деңиздин калдык ачуу суусу, жергиликтүү аба ырайы, жээкте туристтик иш-аракеттердин башталышы, аквиния промысели, Устюрт платосу, анын геоморфологиясы, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү ж.б. изилдөө жүргүзүштү. Саякаттын жыйынтыгы боюнча кеңири мазмундагы илимий макала жазылат.