ОШМУ жана “КЫРГЫЗ-АТА” ПАРКЫ: КЕЛИШИМДИ ИШКЕ АШЫРУУ БАШТАЛДЫ
15:21
20-07-2025
88
ОшМУ менен “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркынын ортосунда 2025-жылдын 3-мартында түзүлгөн илимий-техникалык кызматташуу келишимин ишке ашыруу максатында 16-июлда география жана геодезия жаатындагы окумуштуулар (г.и.д., проф. Низамиев А.Г., т.и.к., доцент Абжапарова Д.А., г.и.к., доцент Момошева Г.А.. ага окутуучулар Токтосунов Ж., Султанов Ж.М.) аталган паркта изилдөө иштерин башташты. Максат: парктагы азыркы рекреациялык жүктөмдү аныктоо жана изилдөө жыйынтыктары боюнча сунуштарды берүү. Парктын директору А.К.Эргешов менен кызматташуу пландары талкууланды, учуучу аппараттын жардамы менен корук территориясынын ортофотопланын түзүлдү, туризм жана мал чарбасынын таасири болуп жаткан суу ресурстарынын, топурак жана өсүмдүк каптоосунун экологиялык абалына байкоо жүргүзүлдү, тейлөө кызматтарынын абалы менен таанышышты, рекреациялык канаат алуу маселеси боюнча жергиликтүү жана чет элдик (өзбекстандык) эс алуучулар менен аңгемелешүү болду.