2025-жылдын 1-сентябрында Кыргыз-Кытай факультетинде Билим күнү өткөрүлдү. Иш-чарага ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, ф.и.к., доцент Эшаров Элзарбек Асанович катышып, студенттерди жана окутуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
Ошондой эле факультеттин кытай тараптан директору Андэйюань жана факультеттин деканы Үсөн уулу Маматаир куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, билимдин мааниси жана факультеттин өнүгүү багыттары боюнча пикирлерин билдиришти.
Иш-чарага профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты.