Эл аралык медицина факультети студенттерди кучак жайып тосуп алды
05:31
04-09-2025
90
Эл аралык медицина факультетинде “1-сентябрь – билим күнү” белгиленди. Ага ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Р.Н. Арапбаев, факультеттин жетекчилиги, жамааты, студенттер жана ата-энелер катышты.
Кафедра башчылары кыскача презентация жасашып, факультеттеги мүмкүнчүлүктөр, студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар, сабак берүүчү окутуучулар ж.б. туурасында 3 тилде кыскача айтышып, майрам менен куттукташып, 1-курстарды талыкпай окуп, татыктуу билим алууга чакырышты.
Доцент С.М. Амиралиев өз сөзүндө “Социалдык-гумманитардык дисциплиналар” кафедрасынын миссиясы, ишмердүүлүгү, окутуучулук курамы жана материалдык-техникалык базасы тууралуу маалымат берип, аталган түзүм негизинен келечектеги дарыгерлерге кыргыз, орус, англис, латын тилдерин үйрөтүшүп, кыргыз элинин тарыхы, маданияты, жашоо образы, менталитети, каада-салты, адеп-ахлагы ж.б. улуттук өзгөчөлүктөрүн таанытуу багытында иш алып бара тургандыгына токтолду.
Кече индиялык студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду. Соңунда Урал мамлекеттик медициналык университети менен ишке ашып жаткан биргелешкен билим берүү программасына тапшырган 1-курстар үчүн факультетте таанышуу экскурсиясы уюштурулду.