Новости

ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин изилдөөчүлөрү Япониядагы стажировкадан кайтышты

ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин изилдөөчүлөрү Япониядагы стажировкадан кайтышты 27-август, 2025-жыл – Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медициналык факультетинин PhD докторанттары Азиза Сеитова жана Айжан Мурзалиева, ошондой эле доцент Айгүл Момунова, Япониянын Токио шаарындагы Токионун илим институтунун (Institute of Science Tokyo) базасында өткөн эки жумалык стажировкага катышып кайтышты. Программа SATREPS долбоорунун алкагында JICA Кыргызстан кеңсесинин колдоосу менен ишке ашырылды. Стажировканын жүрүшүндө катышуучулар атмосфералык абанын булганышын мониторингдөө жана моделдөө боюнча заманбап методдор менен таанышып, япон кесиптештери менен тажрыйба алмашышты. Ошондой эле, эпидемиология жана саламаттык сактоо системасындагы коммуникация боюнча лекциялар жана практикалык сабактар өтүлдү. Алынган билимдер жана көндүмдөр Кыргызстанда абанын сапатын изилдөө боюнча жаңы түзүлгөн IRCAPS илимий-изилдөө борборунун ишмердүүлүгүндө колдонулат. Бул тажрыйба жаш илимпоздордун кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы илимий кызматташтыкты дагы да бекемдеди.
8 07:39 05-09-2025

                 

Новости

|< >|