Новости

ОшМУнун ОСМКБ бөлүмүнүн 2025–2026-окуу жылындагы ишмердүүлүгү ийгиликтүү башталды

Ош мамлекеттик университетинин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү (ОСМКБ) 2025–2026-окуу жылын активдүү жана натыйжалуу баштады. 2025-жылдын 4-сентябрында ОСМКБнын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент М.М. Былыкова университеттин административдик кеңешинде бөлүмдүн жылдык ишмердүүлүк отчетун жана профессордук-окутуучулук курамдын рейтинг жыйынтыгын сунуштады. Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулардын ишмердүүлүгүнө баа берүү максатында жүргүзүлгөн рейтингдин жыйынтыгы кызуу талкууланып, 2026-жылга карата бир катар сунуштар айтылды. Бул талкуу университеттеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болду. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Р.Н. Арапбаев рейтинг жыйынтыктарына жогору баа берип, ОСМКБ бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдирди. Ал бөлүмдүн билим сапатын көтөрүүдө жана окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүн камсыздоодо кошкон салымын белгиледи.
120 10:26 05-09-2025

                 

Новости

|< 1 >|